Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Йемендин коргоо министри буктурмадан аман кутулду


Йемендин коргоо министри Насер Ахмад “ал-Каиданын” буктурмасына кабылды. 9-майда Ахмад жана министрликтин эки даражалуу офицери бараткан автокербен Йемендин түштүгүндө “ал-Каидачы” деп шектелген согушчандардын буктурмасына кабылып, бирок алар аман-эсен качып кутулганы расмий маалымдалды. Алар “ал-Каида” менен байланыштагы согушчандарга каршы бул аймакта жүрүп жаткан аскерий операциянын жүрүшү менен таанышканы барышкан болчу.

Насер Ахмад менен кошо чалгындоо кызматынын жетекчилеринин бири Али Хасан ал-Ахмади жана аскердик полициянын зардалы Авад Мажвар ал-Авлаки чогуу болгон.

Йемендин Коргоо министрлиги чабуулда эч ким жабыркабаганын билдирди.
9-майга оогон түнү Йемендин борбору Санада коопсуздук кызматтары өткөргөн рейд кезде “ал-Каиданын” Батыш дипломаттарын уурдоону уюштурган деп шектелген командири өлтүрүлгөн эле. Андан бир нече сааттан кийин Сананын дипломаттар жашаган бөлүгүндөгү бомба чабуулунан 11 полициячы жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG