Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки жигит мерт кетти


19-20 жаштагы жигиттердин өмүрүн алган жол кырсыгы кечээ кечинде Каракол-Пристан жолунун 6-чакырымында катталган. Бул тууралуу “Азаттыкка”  Ысык-Көл облустук ИИБинен билдиришти.

Булардан тышкары унаанын ичиндеги жети адам жаракат алган. Экөө реанимацияда, бешөө  Ысык-Көл облустук ооруканасынын травматологиялык бөлүмүнө  жаткырылды.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон күнү алар  «Тойота-Ипсум» жана  «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаалары менен эс алуудан кайтып келатып, жарыша кетишкен. Катуу ылдамдыкта келаткан унаалар биринен-бири озуп өтөрдө кагышып, жол жээгине кулаган.

Каза болгон жана жабыркагандардын баары Ак-Суу районунун Маман айылынын тургундары. Учурда  иликтөө иштери жүрүүдө. (MTo)

 

XS
SM
MD
LG