Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Украина: Жикчилер эки аймакта референдум өткөрүүдө


Луганск облусунун Тернове кыштагындагы добуш берүү. 11-май, 2014-жыл.
Луганск облусунун Тернове кыштагындагы добуш берүү. 11-май, 2014-жыл.
Луганск жана Донецк облустарындагы референдумдарга бул аймактардын “өз алдынчалыгы” жөнүндө маселе чыгарылды. Референдумду Донецк менен Луганскта “элдик республикалар” түзүлгөнүн жарыялагандардын шайлоо комиссиясы уюштурду. Шайлоочулар ушул “элдик республикалардын” “мамлекеттик өз алдынчалык тууралуу актысын колдойсузбу же жокпу” деген суроого жооп бериш керек.

Орусиячыл жикчилердин бул саясий өнөктүгүн расмий Киев жана Батыш тааныган жок. Президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов бүгүнкү добуш берүүнү “жарды көздөй кадам” деп мүнөздөдү. Турчиновдун айтымында, Киевдеги бийликтер Украинанын чыгышындагылардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө дилгир, бирок “өлкөнү талкалоону максат кылган террорчулар" менен бир үстөлгө олтурбайт.

АКШ референдумдарды “мыйзамсыз” деп атап, анын максаты - Украинаны мындан ары да бөлүп-жаруу жана башаламандык уюштуруу экенин белгиледи.


Аналитиктердин пикиринде, ыкчам уюшулган референдумдар быйыл мартта Крымдын Украинадан ажырашына алып барган добуш берүүгө окшош. Референдумдун артынан Крым Орусия тарабынан аннексияланган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG