Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Пакистан премьери Иранга барды


Навази Шарифтин эки күндүк сапары учурунда чек арадагы коопсуздук маселеси жана эки ортодогу ири газ долбоору талкууланчудай. Пакистан премьеринин Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи менен да кездешүүсү белгиленген.

Иш сапар коңшулардын алакасы чыңалып турган учурга туш келди. Быйыл февралда Ирандын беш аскери суннит эктремисттери тарабынан уурдалган эле. Иран тараптын ырастоосунда, жоокерлер Пакистандын аймагында кармалып турган. Бирок бул маалыматты Исламабад четке кагат. Ирандык жоокерлердин төртөөсү эки айдан кийин мекенине кайткан, бешинчисинин тагдыры белгисиз.

Ошондой эле быйыл февралда Навази Шарифтин өкмөтү Ирандын газын экспорттоочу куур боюнча иштерди токтотконун жарыялаган. Ал долбоордун наркы 7, 5 миллиард доллар. (UE)

XS
SM
MD
LG