Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Баткендик жаштар бийликке кайрылды


Баткендик жаштар тобу кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу бир топ талап жазылган кайрылууну бийликке жолдоду. Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков жана өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин атына кайрылуу жазгандар 15-майга чейин спикер менен жолугушууну да суранышкан.

Жаштар облустун учурдагы жетекчиси Разаковдун жумуштан кетишин, ордуна мурдагы губернатор Айбалаев дайындалышын талап кылып жатат. Андан сырткары, 11-январда жабылган кыргыз-тажик чек арасын ачууга буйрук бергендерди жазалап, абал турукташмайынча кайрадан чек араны жабык кармоону талап кылышкан.

7-8-май күндөрү чек арада кыргыз-тажик жарандары чатакташып, кыргызстандык 17, тажикстандык 8 адам ооруканага түшкөн. Кыргыз айылдарындагы дүкөн жана унаалар өрттөлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG