Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Турчинов: 11-майдагы референдум - фарс


Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов 12-майда Киевдеги маалымат жыйынында өлкө чыгышында орусчулдар өткөргөн референдумду “фарс” деп атады: "Луганскда өткөрүлгөн фарска шайлоого жарамдуу элдин 24 процентке жакыны катышты. Донецк регионунда 32 проценттен бир аз көп.”

Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц 12-майда Берлинде сүйлөп, Украинанын жаңы шайланчу президенти орусиячыл жикчилдердин аргументтерин жокко чыгарат деди: “Украина үчүн, президенттик шайлоо жана жаңы шайланчу президент жаңы мандаты менен баарына чоң мүмкүнчүлүк. Киевдеги өкмөт диалог үчүн мыйзамдуу өнөктөш эмес деген жикчилердин аргументин баалабай койбоңуздар. Жаңы мандат менен жаңы шайланган президент мындай аргументти жокко чыгарып, жаңы диалогго шык берет.”

Жикчилдер өткөргөн 11-майдагы референдумду Украин өкмөтү жана көпчүлүк Батыш мамлекеттери, анын ичинде 28 өлкөнүн башын кошкон Евробиримдик мыйзамсыз деп аташкан.

XS
SM
MD
LG