Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

АКШнын вице-президенти Жо Байден Румынияга барат


АКШнын вице-президенти Жо Байден. Вашингтон ш., АКШ. 30.4.2014.
АКШнын вице-президенти Жо Байден. Вашингтон ш., АКШ. 30.4.2014.
Ак үйдүн кабарлоосуна караганда, АКШнын вице-президенти Жо Байден келээрки аптада Бухарестке иш сапар менен келип, румын президенти Траян Бэсеску менен Украина кризиси боюнча сүйлөшүү жүргүзөт.

Жо Байдендин сапары Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозиндин "келерки жолу Румынияга бомба таштоочу аскердик учак менен келемин" деген коркутуусунан кийин жасалууда.

Румын президенти Бухарестке Жо Байден менен катар АКШнын коргоо министри Чак Хейгелди да чакырган. Жо Байден НАТОнун уставдарына ылайык союздаштар бекем корголо тургандыгын билдирген.

Жо Байден Румыниядан кийин Кипрге бармакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG