Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

УКМК: Чет элдиктерден коркутуп акча алган милиционерлер кармалды


Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген төрт кызматкер таанышы аркылуу чет өлкөлүктөрдү коркутуп акча талап кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, милиционерлер тарабынан алдын ала даярдалган кыз чет элдиктер менен таанышып, жолугушкан учурда күч кызматкерлери барып, аларды "кыз зордуктадың" деген күнөө менен колго түшүргөн. Алар ушул жол менен чет эл жаранынан 900 доллар алып жаткан учурда колго түштү. УКМК билдиргендей, милиционерлер алгач 2000 доллар сураган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 'Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Пара талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Чет элдиктерди кылтакка илинтүүгө жардамдашып жүргөн 20 жаштагы кыз да сурак берип жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG