Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Орусияда бейөкмөт уюмдардын ишин сотсуз эле токтотуу сунушталды


Орусиянын Юстиция министрлиги “чет өлкөлүк агент” катары катталууну каалабаган бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн тиешелүү органдар сотсуз эле, дароо токтотууну сунуштады.

Орусия президентинин алдындагы адам укуктары боюнча кеңеш министрликтин бул сунушун колдогон жок. Кеңештин жетекчиси Михаил Федотов:

- Укуктар сакталган өлкөдө баардык талаш-тартыштар сот аркылуу гана чечилиш керек, - деди.

Москвадагы Хельсинки тобунун төрайымы Людмила Алексеева бул сунушту жарандык секторго болгон басымдын уланышы деп белгилеп, “Бул жөн эле иштебей жаткан келегей мыйзамды иштетүүнүн жолу” деп айтты.

Бейөкмөт уюмдар тууралуу Орусиянын мыйзамына ылайык, чет өлкөдөн насыя алган жана саясий ишмердүүлүк менен алектенген бардык уюмдар “чет өлкөлүк агент” деп катталышы керек.

Орусиянын алдыңкы укук коргоо уюмдары бул мыйзамга өз каршылыгын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG