Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Европа Биримдиги ассоциация келишимин Молдовага сунуштады


Европа кеңешинин төрагасы Херман Ван Ромпей Молдова өкмөт башчысы Юрие Лянкеге Европа Биримдиги менен саясий жана экономикалык ассоциация келишимине 27-июнда Брюсселде кол коюуну сунуштады. Бул сунуш Херман Ван Ромпей менен Лянкенин 13-майда Кишиневдогу жолугушуусунда айтылды. Молдова президенти Николае Тимофти Молдова сырттан жасалып жактан басымдарга карабай өзүнүн эгемендүү тандоосун ишке ашырарын билдирген. Тимофти өз сөзүндө Москваны атабаганы менен, Орусия тараптан Молдованын Европа Биримдиги менен келишимге барышына каршылык жасалып келатканы маалым. (AiT)

XS
SM
MD
LG