Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Дүйшөмбүдө чек ара боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыкты


Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча тараптар протоколго кол койду. Ага ылайык, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолун курууну улантуу макулдашылды. Ал эми 7-майдагы окуя биргелешип иликтенип, күнөөлүүлөр жазаланат.

13-майда Абдрахман Маматалиев тажик өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен жолугушкан. Анда чек ара коопсуздугун камсыздоо, өз ара кызматташуулар боюнча сүйлөшүү болгон. Тажик өкмөт башчысы кыргыз-тажик калктары тынчтык жана ынтымакта жашап келишкенин, турмушта кезиге турган маселелер чатакка айланып кетпеши керектигин белгилеген. Кыргызстан менен Тажикстандын делегациялары 12-13-майда чек араны делимитациялоо, 7-майдагы окуя боюнча сүйлөшүү өткөрүштү. (AiT)

XS
SM
MD
LG