Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:17

Каннда кыргыз режиссерунун тасмасы көрсөтүлөт


Кыргызстандык кинорежиссер Айгүл Баканованын тасмасы бүгүн Канндагы режиссерлор жумалыгында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Улуу Британиянын Бишкектеги элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баканова учурда Канндагы “Түндүк фабрика” долбооруна катышууда. Анда Дания, Финляндия, Франция, Улуу Британия, Аргентина жана Кыргызстандан келген режиссерлор төрт кыска метраждуу тасма тартты. Алардын бири Айгүл Баканова ушу тапта даниялык режиссер Милад Алами менен бирге тарткан “Боштондук” (Void) деп аталган тасма Канндагы режиссерлор жумалыгында көрсөтүлгөнү жатат.

Лондондогу Кино мектебинин бүтүрүүчүсү Айгүл Баканованын “Жамгыр ыры” аттуу тасмасы буга чейин 30га жакын эл аралык фестивалдарда көрсөтүлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG