Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Бишкекте он адам тамактан ууланды


Бишкекте 10 адам тамактан ууланып оорукана жаткырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Санитардык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаментинин өкүлү Токтогул Базарбаев кабарлады.

Анын айтымында, 12-майда Бишкектин тургундарынын бири өз үйүндө тушоо той берген. Ал жакындарын чакырып, ар кыл тамак-аш даярдаган. Коноктор үйлөрүнө тараган соң өздөрүн жаман сезип ооруканага кайрылган. Натыйжада 10 адам тамактан ууланганы дайын болуп, ооруканага жаткырылды. Анын сегизи жаш балдар. Учурда тиешелүү анализдер алынып, уулануунун себеби аныкталып жатканын Базарбаев кошумчалады.

XS
SM
MD
LG