Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Бээжин Вьетнамдагы акциялар үчүн Ханойду күнөөлөдү


Вьетнамда кечээ кытайларга каршы тополоң чыкканда бир киши каза таап, 100ү жарадар болгон эле. Вьетнамда буга чейин да бир канча жолу кытайларга каршы чыгуулар болгон.

"Акыркы күндөрдөгү Вьетнамдагы кытайлык кызматкерлерди уруп сабоолор, кытайлык ишканаларды карактап, өрт коюлар Вьетнам бийликтеринин өз аймагындагы Кытайга каршыккан күчтөргө жана мыйзамды бузгандарга көрсө да көрмөксөн мамилесинен улам болуп жатат. Биз Вьетнам өкмөтүн жоопкерчилик көрсөтүп, тергөө жүргүзүп, мыйзам бузгандарды катуу жазалоого жана биздин жоготууларды компенсациялоого чакырабыз", - деди Кытайдын тышкы иштер министринин маалымат катчысы Хуа Чун Йиң бүгүн Бээжиндеги пресс конференцияда.

Кытай менен Вьетнамдын ортосунда мамиле бир нече жылдан бери курч, бирок Кытай ушул айдын башында Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу аймакта мунай өндүрүүчү платформа жайгаштыргандан кийин, ортодогу чыңалуу кескин күч алды. Полициянын билдиришинче, жүздөгөн кытайлар коңшулаш Камбоджага өтө качышты. Кытай Вьетнамдын эң ири соода өнөктөшү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG