Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Келдибековду абакта кармоо мөөнөтү 27-майда аяктайт


Октябрь райондук соту Келдибековду тергөө абагында дагы эки айга кармоо чечимин 26-мартта чыгарган. Ал мөөнөт 27-майда аяктайт. Ошондуктан Келдибековдун баш коргоо чарасына байланыштуу маселени сот келерки жумада карашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Акматбек Келдибековду коргоо штабынын мүчөсү Мамбетжунус Абылов билдирди.

Келдибеков учурда ооруканада жатат. Анын оорулуу бутуна операция жасалыш керек. "Ошондуктан сот Келдибековду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алышына үмүт бар" деп белгиледи Абылов.

Оппозиция лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков өткөн жылы ноябрь айында коррупция боюнча айыпталып кармалган. Келдибеков өзү айыптарды четке кагып, ал саясий себептерге байланыштуу камакка алынганын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG