Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Атамбаев Кытайга мамлекеттик сапар менен барат


Президент Алмазбек Атамбаев 17-майда Кытайга беш күндүк мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков кабарлады. Анын айтымында, Атамбаев Азия өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуу кеңешинин жыйынына катышат. Мындан сырткары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык боюнча бир катар жолугушуулар болмокчу.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча декларацияга кол коюу да мерчемделүүдө.(BkA/AiB)

XS
SM
MD
LG