Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Биринчи кыргыз тарых китебинин 100 жылдыгы белгиленет


Келерки жумада, 22-майда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде биринчи кыргыз тарых китебинин жарык көрүшүнүн 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Анда китептин автору, кыргыздын тунгуч тарыхчысы Осмонаалы Сыдыковдун эмгеги тууралуу кенен сөз болорун бүгүн "Азаттыкка" тарых илимдеринин кандидаты Муратбек Кожобеков билдирди.

Сыдыков совет дооорунда Пишпектеги (азыркы Бишкек) окуу жайларында, бир катар мектептерде сабак берген.

Сталиндик куугунтуктоолор доору башталганда ал Кытайга кетип калган.

Чыгыш Түркстанда бозгунда жүрүп каза болгон.

1913-жылы Башкортостандын Уфа шаарында “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), ал эми 1915-жылы “Тарых-и кыргыз Шадманийа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектери басылып чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG