Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:26

Жарандык коом: Өкмөт Бажы биримдигин элге түшүндүрүп берсин


Кыргызстандагы мамлекеттик органдардагы Байкоо кеңеш мүчөлөрү жана айрым жарандык активисттер Бажы биримдигине Кыргызстан кошулгандан кийинки оң-терс жактары боюнча анализ өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу алар бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Анда жарандык активисттер өкмөт Кыргызстан Бажы биримдигине кошулгандан кийинки социалдык чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу кеңири маалымат берүүгө милдетүү экенин эскертип, бирок бийлик муну аткарбай жактанына нааразылыгын билдирген. Мындан улам жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча “жол картага” кол коюуну токтотууга чакырды.

Кыргыз өкмөтү өткөн аптада Бажы биримдигине кирүү боюнча "жол карта" кабыл алган. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ага 29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана шаарында өтчү саммитинде кол коюларын билдирген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG