Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Олланд: “Боко Харам” Түндүк Африка үчүн чоң коркунуч


Франция президенти Франсуа Олланд Нигерияда 200дөн ашуун окуучу кызды уурдап кеткен “Боко Харам” тобунун мүчөлөрүн Түндүк Африка үчүн негизги коркунуч булагы экенин айтты. Түндүк Африка лидерлери менен ишемби күнү Парижде болгон жолугушууда Олланд аталган топ “ал-Каида” менен байланышы бар экенин кошумчалады.

Талкуу негизинен экстермисттик топтун ишмердүүлүгү тууралуу болду. Олланд Түндүк Африкада чек ара көзөмөлүн жана коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл болуп турганын белгиледи.

Жолугушууга Нигерия президенти Гудлак Жонатан, Чад, Камерун жана башка өлкөлөрдүн лидерлери, Улуу Британия, АКШ жана Евробиримдик өкүлдөрү катышты.

Өткөн айда Нигерияда исламчыл “Боко Харам” тобу 276 окуучу кызды уурдап кеткен. Алардын 53ү экстермисттердин колунан качып чыгууга үлгүргөн.

XS
SM
MD
LG