Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Аргентинада эң чоң динозаврдын сөөгү табылды


Бул сөөк болжол менен титанозаврдын жаңы түрүнө таандык жана ал 90 млн.жыл мурда жашаган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, чөп менен азыктанган динозаврдын салмагы 100 тоннадай болуп, узуну 40 метрге чейин барган.

Табылган титанозаврдын санынын сөөгү, аны изилдеп жаткан палеонтологдун боюнан да узун болгон.

2013-жылдын январь айында башталган казууларда жаныбардын куйругунун, денесинин жана мойнунун толук сөөктөрү табылган. Бул материалдар изилдөөчүлөргө жаныбардын көрүнүшү кандай болгонун билүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү берет.

XS
SM
MD
LG