Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Түркия: Шахтадагы кырсыкка байланыштуу 18 адам кармалды


Аларга “өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылды” деген күнөө коюлуп жатат. Түрк маалымат каражаттары кабарлагандай, кармалгандардын арасында көмүр шахтасынын жетекчилери да бар.

13-май күнү Манис аймагында жайгашкан Сома шаарындагы шахтадагы жарылуудан 301 адам курман болгон. Куткаруу иштери 17-май күнү, акыркы эки жумушчунун сөөгүн алып чыккандан соң аяктаган.

Өлкө бийлиги жана шахтаны көзөмөлдөгөн көмүр ишканасынын жетекчилиги аларга коюлган айыптарды четке кагып, шахтада текшерүү өз убагында жүргүзүлүп турганын айтып жатат.

XS
SM
MD
LG