Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:13

“Кумтөрдө” иш толук кандуу жүрүп жатат


Бул тууралуу “Кумтөр Голд” компаниясынын билдирүүсүндө айтылат. Буга чейин "Кумтөр Голддун" кесиптик кошуунунун жетекчиси Алмазбек Жакыпов жергиликтүү маалымат каражаттарына кыргыз өкмөтү кенди иштетүү боюнча 2014-жылга техникалык долбоорду бекитпегенинен улам Кумтөрдөгү ишти токтотууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген. Компания бүгүнкү билдирүүсүндө Жакыповдун маалыматын четке кагып, азыркы тапта кенде толук кандуу иш жүрүп жатканын кабарлаган. Бирок “Кумтөр Голддун” жетекчилиги 2014-жылга кенди иштетүү боюнча техникалык долбоор тиешелүү органдарга жиберилгенине карабай, ал долбоор азыркыга чейин бекитилбей жатканын билдирген. Ал эми өкмөт алдындагы Геология жана жер ресурстар боюнча агенттигинен аталган техникалык долбоор учурда каралып жатканын кабарлады.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” ортосундагы келишимге ылайык, Кыргызстандын тиешелүү органдары ар жыл сайын кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорду бекитип турушу керек.

Быйыл февраль айында Жогорку Кеңеш канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча жаңы келишим кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстан жана “Центерра Голд” 50 пайыздык теңме-тең үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүлөөрү каралган. Буга чейин кыргыз өкмөтү аталган келишимди ишке ашыруу үчүн экологиялык жана корпоративдик башкаруу боюнча сегиз келишим даярдалып жатканын маалымдаган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG