Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Бишкекте Бажы биримдиги боюнча талкуу өтүүдө


Бишкекте “Бажы биримдигине кошулган соң соода жана жеңил өнөр жай тармагын эмне күтөт?” аттуу талкуу өтүп жатат. Ага “Дордой” баштаган өлкөдөгү ири базарлардын жана тигүү тармагынын өкүлдөрү катышып, Бажы биримдигинин оң-терс жактары жана соода, тигүү тармагына тийгизген таасири талкууланууда. Жыйынга катышып жаткан соода тармагынын өкүлдөрү Бажы биримдигине кирүүдө Орусия, Казакстан жана Беларус тарабынан каржылык жана материалдык-техникалык жардам кепилдене турган кыска мөөнөттүү программа иштеп чыгууну кыргыз өкмөтүнө сунуштады.

Кыргыз өкмөтү 12-майда Бажы биримдигине кирүү боюнча "жол карта" кабыл алган. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ага 29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана шаарында өтчү саммитинде кол коюларын билдирген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG