Бишкектеги эң сылык айдоочу
Кубанычбек Мураталиев 188-каттамдагы кичи автобустун айдоочусу. Айдоочу болуп иштегенине 5 эле ай болсо да шаардыктар Кубанычбек мырзаны жакшы таанышат. Анткени ал маршруткага чыккандардын ар бирин “кош келиңиз” деп жылуу тосуп алып, “жакшы барыңыз” деп жакшы каалоо-тилек менен узатып турат. Эң кызыгы ал жүргүнчүлөргө “чиркөөнүн аялдамасы”, “эски автобекет аялдамасы” деп токточу жерлерди кыргыз тилинде алдын-ала эскертип турууну адатка айланткан. Кубанычбек Мураталиев буга чейин мамлекеттик кызматтарда ийгилик жаратып келген болсо, эми “эң мыкты айдоочу” аталып эл кызматында.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 16, 2026"Мектепте жок китеп базарда турат"
-
Август 02, 2026"ВИЧтин азабынан күйөөм менен ажыраштым"