Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Бажы биримдигине каршы активисттерди милиция кармап кетти


Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы пикет өткөрүп жаткан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду жана “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылынын 5 мүчөсүн милиция кармап кетти. Булардын ичинен Жогорку Кеңештин алдына жалгыздап акцияга чыккан Өндүрүш Токтонасыровду милиция Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып баргандыгын активист өзү кабарлады. Ал эми кыймылдын 5 мүчөсүн милиция Жогорку Кеңештин жанына токтотулган атайын автобуста кармап турат.

Буга чейин дагы бир активист Алмаз Тажыбайды тартип кызматтары кармап кетишкен эле. Мурда таратылган маалыматтарга караганда "Бажы биримдигине каршы" кыймылы Жогорку Кеңештин алдында каршылык акциясын өткөрмөк.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинин күңгөй-тескейи парламенттик угууда талкууланып жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG