Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Орусияда ымыркайын сатууга аракет кылган түгөй кармалды


Орусиянын түштүк - батышындагы Волгоград шаарында "өзүнүн жаңы төрөлгөн кызын сатууга аракет көрдү" деген кине менен полиция 29 жаштагы өзбек аялды жана 21 жаштагы ушул эле улуттагы эркекти кармады.

Орусиянын ИИМнен белгилүү болгондой, Өзбекстандын эки жараны кызын 11 миң долларга сатып жибергенден кийин кармалышкан.

Өткөн айда Москванын жанынан дагы бир өзбек түгөй 18 айлык баласын жана жаңы төрөлгөн кызын 1 млн. долларга сатуу аракетин көрүп жаткан жеринен колго түшкөн эле.

Февраль айында Орусиянын экинчи чоң шаары Санкт-Петербургда жаңы төрөлгөн ымыркайды 80 миң рублга сатып жаткан жеринен эки өзбек аял кармалган.

XS
SM
MD
LG