Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Кытай лидери Азиянын коопсуздугун биргелешип бекемдөөгө чакырды


Мындай чакырыкты Шанхайда өтүп жаткан азиялык кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесинде Кытайдын лидери Си Цзинпин таштады. Анын айтымында, дүйнө экономикасынын үчтөн бирин камсыздап жаткан Азия өлкөлөрү коопсуздук маселесин биргелешип бекемдей турган мезгил келди. Си Цзинпин бул кеңешмени аймактагы коопсуздукту бекемдөө аянтына айландырууну, ал максатта ыкчам аракеттенүү борборун түзүү жана бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн форумун уюштуруп, коопсуздук жаатында пикир алмашуу түйүнүн түзүүнү сунуш кылды.

24 мамлекетти бириктирген Азиядагы кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесинин IV саммити "Бейпил, стабилдүү жана кызматташтык өнүккөн жаңы Азияда диалог, ишенимди бекемдөө" деген ураан алдында өтүп жатат. Жыйынга Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Иран сыяктуу бардыгы 10дон ашуун мамлекет жана өкмөт лидерлери, Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун баш болгон ондогон эл аралык уюм, бирикме жетекчилери катышууда. Бул саммитте уюмга төрагалык кылуу кезегин Түркиядан Кытай өткөрүп алды.(VD/BkA)

XS
SM
MD
LG