Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Милиция кармап кеткен активист прокуратурага кайрылды


Шейшембиде акция өткөрүп жаткан жеринен милиция кармап кеткен жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Биринчи Май райондук прокуратурасына арыз менен кайрылды. Бул тууралуу активист “Азаттыкка” өзү кабарлады. Анын айтымында, Бажы биримдигине каршы акцияны өткөрүү боюнча уруксат алынган болчу. Буга карабай аны борбордун милиция кызматкерлери 10 саатка жакын кармап, орой мамиле кылган. Мындан улам Токтонасыров прокуратура жана “Кылым Шамы” укук коргоо уюмуна кайрылып, шаардык милицияга чара көрүүнү суранды.

Бүгүн эртең менен Бажы биримдигине каршы акцияга чыккан 6 активистти милиция кармап кеткен. Аларга Административдик кодекстин "күч кызматкерлерине жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө" беренеси боюнча айып тагылган. Алардын экөөсүнө айыппул салынса, калгандарын сот актаган. Кармалган башка активисттер да прокуратурага кайрылганы жатышканын “Азаттыкка” кабарлашты.(BkA)

XS
SM
MD
LG