Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Президент мыйзам бузган судьяларды иштен алды


Президент Алмазбек Атамбаевдин жардыгына ылайык Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Калтарбек Кадыров, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Камчыбек Илиязов жана Ош шаардык сотунун судьясы Закир Максутов мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Соттор кеңеши мыйзам бузган судьяларды кызматтан алууга макулдук берген. Өткөн аптада президент пара алды деп шектелген үч судьяны кызматтан бошоткон эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG