Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 22:59

Украинада жикчилер менен кармашта 9 аскер окко учту


Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер менен кармашууда коопсуздук күчтөрүнүн 9 жоокери окко учту. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министрлиги кабарлады. Министрликтин басма сөз өкүлү Бохдан Сенктин айтымында, 22-майда Донецктин жанындагы Волноваха деген жерде жикчилер текшерүү пунктуна чабуул коюшканда 8 аскер набыт кетип, 17си жараат алды. Дагы бир жоокер кошуна Луганск облусунда окко учту.

Ал тапта Орусиянын коргоо мекемеси Украина менен чек аралаш Белгород, Брянск жана Ростов облустарынан курал-жарак жана аскрелер алынып кеткенин билдирди. НАТО болсо кошуна өлкө менен чек арасында 40 миңдей аскерин топтогон Орусиянын куралдуу күчтөрүн масштабдуу түрдө чыгарып кетүүдө деген ишара жок деп ыратсоодо.
.

XS
SM
MD
LG