Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Баткен: Көк-Ташта бир жумадан бери жарык жок


Баткендин Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылында электр трасформатору жарактан чыккандыгына байланыштуу бир жумадан бери жарыксыз отурушат.

Мындай маалыматты бүгүн аталган айылдын башчысы Разия Өсөрова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, трансформаторго керектүү тетиктер Ош облустук электр тармактар ишканасы тарабынан бөлүнбөй жаткандыгына байланыштуу иш токтоп турат.

Айыл башчы чек арада кошуналар менен дээрлик аралашып жайгашып калган үйлөрдүн жашоочуларына кооптуу абал туулуп, тынчсызданып жатканын кошумчалады.

Баткен облусундагы электр тармактарын Ош облусунан өзүнчө бөлүү маселеси бир топ жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келет.

Акыркы айларда кыргыз-тажик чек арасында такталбаган тилкелерде орун алган айылдарда бир катар чыр-чатактар орун алган. (JsA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG