Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Польша: коммунист лидер Ярузелький дүйнө салды


Польшанын акыркы коммунист лидери Войцех Ярузельский, 18-март, 2009-жыл
Польшанын акыркы коммунист лидери Войцех Ярузельский, 18-март, 2009-жыл
Польшанын акыркы коммунист лидери Войцех Ярузельский 90 жаш курагында дүйнө салды. Өлкөнүн PAP агенттиги бул жөнүндө мурдагы президент Александр Квасьневскийге шилтеп кабарлады.

Польшаны 1981-жылдан баштап жетектеген Ярузельский өлкөдө аскерий кырдаал абалын жарыялап, “Тилектештик” (Солидарность) профсоюздук кыймылынын башчысы Лех Валенсаны камакка алууну буйруган. Бирок эки жылдан кийин аскердик абалды токтоткондон кийин башталган элдик толкундоолор 1989-жылы өкмөттү “Тилектештик” менен сүйлөшүүгө аргасыз кылган. Ярузельский мурдагы коммунисттик лагерде жарым эркин шайлоо өткөрүүгө макул болгон биринчи коммунисттик лидер болгон. Ал эки апта мурда инсульт болуп, ооуканага жаткырылган болчу.

XS
SM
MD
LG