Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Парламент акыйкатчы баяндамасы боюнча токтом долбоорун карайт


Парламент токтом долбоорун талкууну 28-майга белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Акыйкатчынын 2013-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасы Жогорку Кеңеште карама-каршы пикир жараткан.

Бийликке жакын фракциялардын депутаттары акыйкатчы саясатташып кетти деп сынга алышкан. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев аны четке кагып, ага карата басым жүрүп жатканын билдирген.

Ал эми укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Конституциялык палатага кайрылып, Баш мыйзамга ылайык парламент акыйкатчынын маалыматын гана угууга тийиш экендигин, баяндамага баа берүүгө парламенттин укугу жоктугун тастыктап берүүнү сураган. (AiT)

XS
SM
MD
LG