Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Парламенттик комитет Бажы биримдигинин "жол картасын" карайт


Бүгүн Эл аралык иштер боюнча комитетте Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча "жол картасы" каралат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасын жактырып, парламенттин кароосуна жиберген. 29-майда Астанада Орусия, Казакстан жана Беларустун Евразия экономикалык биримдигин түзүү келишимине кол коюлушу белгиленген. Бул саммитте Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча "жол картасы" да кабыл алынышы күтүлүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG