Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Кыргызстан демократиялык кыймылынын 24 жылдыгы белгиленүүдө


Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) Бишкектеги Тарых музейинде 24 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бул тууралуу анын мүчөсү Бүбайша Арстанбекова билдирди. Жыйында кыймылдын тарыхы, басып өткөн жолу талкууланууда.

Уюду түзүү 1989-жылы башталып, 1990-жылдын 25-26-май күндөрү Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында атайын кыймыл болуп негизделген. Ага коммунисттик саясатка каршы чыккан демократиялык маанайдагы интеллектуалдар мүчө болгон.

Кийинчерээк пайда болгон саясий партиялардын көпчүлүгү КДКда калыптанып, бөлүнүп чыккан. Биринчи болуп уюмдун курамынан 1991-жылдын февралында "Эркин Кыргызстан", ошол жылдын ноябрында "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиялары өзүнчө бөлүнгөн.

1993-жылы КДКнын мүчөлөрү КДК партиясын негиздеген. Ага Жыпар Жекшеев төрага болуп шайланган. (SE)

XS
SM
MD
LG