Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Эл аралык байкоочулар Украинадагы шайлоону кубатташты


Эл аралык байкоочулар Украинадагы президенттик шайлоо негизинен эл аралык нормаларга ылайык өткөрүлгөнүн билдирди. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын координатору Жоао Соареш бүгүн Киевдеги пресс-конференцияда добуш берүү “демократиялык милдеттемелерге” жараша жүргөнүн белгиледи.

Байкоочулар чыгыш облустарда коркутуп-үркүтүүлөргө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн зекитүү, уурдап кетүү фактыларына күбө болушканы айтылды.

Европа кеңишинин делегациясын жетектеген Андреас Гросс болсо шайлоонун “жогорку сапаты жаңы президентке чыгыш облустардагы бардык жарандар менен диалог жүргүзүүгө легитимдүүлүк тартууларына” басым жасады.

Шайлоону жеңет деп күтүлүп жаткан миллиардер Петро Порошенко орусиячыл жикичлерди ооздуктоо анын алгачкы максаты болоорун билдирди.

XS
SM
MD
LG