КР Энергетика жана өнөр жай министрлиги сунуштап жаткан бааларды көтөрүү тартиби баа саясатына туура келбейт. Мындай пикирин “ЮНИСОН” коомдук фондунун төрайымы Нурзат Абдырасулова өз иликтөөсүндө белгилеген. Анын айтуусунда өкмөттүн сунушунда бааларды кымбаттатуунун калктын жакыр катмарына тийгизүүчү таасири тууралуу маалымат жок.
Ошондой эле социалдык жактан коргоого муктаж болгондорго берилүүчү субсидия тууралуу так айтылбайт. Эксперттин айтуусунда бааларды көтөрүү боюнча алдын ала коомдук талкуу өткөрүү талаптары аткарылган эмес. Себеби бул маселе боюнча коомдук угуулар болуп, анын катышуучулары тарабынан сунуш берилүүгө тийиш болчу.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги жайкысын айына 300 кВт/сааттан ашык колдонгондорго бааны 1 сом 20 тыйынга, кышында 600 кВт/саат энергиядан көп колдонгондорго 2 сом 20 тыйынга чейин жогорулатууну сунуштоодо. (ZKo)