Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Акыйкатчы: Ош жана Панфилов соттору мыйзам бузган


Ош шаардык жана Панфилов райондук соттору 11 жашка чыга элек балдарды атайын мектепке жөнөтүп мыйзам бузган. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" акыйкатчы аппаратынын балдардын укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Ниязбек Дүйшөнов билдирди.

Кыргызстанда мыйзам боюнча кылмыш жасаган балдар Чүйдүн Вознесеновка айылындагы түрмөгө камалат. Бирок ал жакка 14 жаштан жогору курактагылар гана кабыл алынат. Ал эми кылмыш кылган, бирок жашы 14кө чыга электер Чүйдүн Беловодское айылындагы атайын мектеп-интернатка жөнөтүлөт. Бирок ал жакка 11ге чыга элек балдарды жиберүүгө мыйзам жол бербейт.

Дүйшөновдун айтымында, атайын текшерүү учурунда ал жакта азыр 11 жаштан кичүү эки бала кармалып жатканы аныкталган.

Беловодское айылында эки мектеп-интернат бар. Алардын биринде психоневрологиялык дарты барлар багылса, экинчиси тентек балдарды кайра тарбиялоо үчүн совет мезгилинде эле ачылган. (RK)

XS
SM
MD
LG