Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Астанада Евразия биримдигине каршылар камалды


Евразия экономикалык биримдигине Казакстандын киришине каршы чыккан 20дай кишини бүгүн Астананын четиндеги митингде полиция кармап кетти. Алардын арасында окуяны чагылдыруу үчүн барган “Азаттыктын” казак редакциясынын кабарчысы Оркен Жоямерген да бар.

29-майда Астанада Казакстан, Орусия жана Беларустун президенттери чогулуп, Евразия экономикалык биримдигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшмакчы. Бүгүн камалган активисттер саммит күнү да нааразылык акцияга чыгуу планы бар экенин айтышты. Казакстандын бул уюмга киришине каршылыгын билдирген акциялар соңку апталарда бир канча ирет Астанада жана Алматыда өткөн.

Москва болсо аталган уюмду 2015-жылдын 1-январына чейин Бажы союзунун алкагында түзүлөт деп билдирген. Бажы биримдигине да ушул үч өлкө мүчө.

XS
SM
MD
LG