Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Европа лидерлери саясатын кайра карап чыкмай болду


Европа парламентине шайлоонун жыйынтыгынан кийин Европа лидерлери саясатта артыкчылык берилген багыттарды кайра карап чыгууну макулдашты. Европа Кеңешинин төрагасы Херман Ван Ромпей 27-майда Европа лидерлери менен жолугушууда “шайлоочулар так белги беришти, демек Европа кризистен чыга баштагандан кийин өсүү, жумуш орундарын түзүү жана атаандашуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу жагына көңүл бурулуш керек” деди.

Франция президенти Франсуа Олланд өз өлкөсүнүн ар бир төртүнчү шайлоочусу "ашкере оңчул Улуттук фронтко добуш берүүсүнөн Европа сабак алыш керек" деди. Европадагы парламенттик шайлоодо ашкере оңчул жана солчул партиялар ийгиликке жетишти. Шайлоочулар Брюсселдин өтө үнөмчүл, жумушсуздук жана иммиграция саясатына каршы добуш бергенин талдоочулар белгилешти. (AiT)

XS
SM
MD
LG