Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Ош – Эркеч-Там жолу жабык турат


Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев бүгүн эртең менен билдирди. Анын айтымында, жол тоскондор аларга өкмөттүн өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары келип, арыз-муңун угуусун талап кылып жатышат.

27-майдын кечине карай жолдо жүзгө чукул автоунаа топтолуп калды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жол тоскондор менен сүйлөшүп, жолду ачуу аракетин жасоодо. Ал эми Алайга барган милиция күчтөрү маанилүү объекттерди коргоого алды.

Ош – Эркеч-Там жолун жапкандар Акматбек Келдибековду ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу талабын коюшууда. Алар бир нече боз үй тигип, жолго шагыл төгүп салышты. (AiT)

XS
SM
MD
LG