Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Евробиримдик Порошенкого колдоосун билдирди


Европа биримдиги Украинанын жаңы шайланган президенти Петро Порошенкону колдоорун кайталады. "Шаркет легитимдүү шайланган жаңы жетекчиликти колдойт" деди Еврокомиссиянын төрагасы Мануэл Баррозу шейшембиде мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Брюсселдеги бейформал жолугушуусунан кийин.

Лидерлер Украинадагы конституциялык реформаны, өнөктөш өлкөнүн экономикасына финансылык көмөк көргөзүү жана тараптардын Орусиянын газынан көз каранды болгон энергетикалык коопсуздугун талкуулашты.

Баррозунун айтымында, аскерлер өлкө чыгышында орусиячыл жикчилер менен күрөшүп жаткан кезде Евробиримдик Украинанын “сырткы кысымга туруштук берүү” аракеттерин колдоону уланта бермекчи.

XS
SM
MD
LG