Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Шахмат олимпиадасына барчулар аныкталды


27-майда Бишкектеги Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде шахмат боюнча өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана бүткүл дүйнөлүк олимпиадасына баруучулар аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерация президенти Милан Турапов билдирди.

Шахмат боюнча Жогорку лигада өлкө аймагынан тандалган жана биринчи лигада жеңген 12 эр-азамат жана 12 кыз-келин 11 күн акыл таймаштарына катышты. Эр-азаматтардан өспүрүмдөр арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин биринчи орунду ээледи. Кыз-келиндерден бишкектик Александра Самаганова өлкө чемпиону аталды.

Алдыңкы беш орунду ээлеген 10 шахматчыга августта Норвегия өлкөсүндө өтө турган бүткүл дүйнөлүк олимпиадага жолдомо ыйгарылды. Алар: Семетей Төлөгөн тегин, Асыл Абдыжапар, Михаил Марков, Андрей Мазницин, Мелис Маматов, Александра Самаганова, Ирина Острий, Айжан Алымбай кызы, Диана Өмүрбекова жана Айжаркын Шыңгыз.

Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасы быйыл 1-августтан 15-августка чейин Норвегия өлкөсүнүн Тромсе шаарында өтөт. (КМа)

XS
SM
MD
LG