Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Дмитрий Цойдун баш коргоо чарасы өзгөргөн жок


Бишкек шаар соту 26-майда Цойдун жактоочусунун апелляциялык арызын карап, канааттандырган жок. Ага ылайык, 1-Май райондук сотунун чечими күчүндө калып, “Интел линкс” компаниясынын негиздөөчүсү 6-июлга чейин абакта калды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” билдирди.

“Интел линкс” компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Цойду ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы 6-майда кармаган. Ал 2009-жылы Ысык-Көлдө бир кишини бутуна аткан деп шектелүүдө.
Милициянын маалыматы боюнча, мындан беш жыл мурун Цойдун автоунаасы Ысык-Көлдө бир трактор менен кагышкан, ал трактордун айдоочусун сабап, пистолети менен бутуна аткан, кийинчерээк ал адам каза болуп калган. Ошондой эле милиция Дмитрий Цой белгилүү спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө тиешеси бардыгын да иликтеп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG