Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын мамлекет башчысы Франсуа Олланд 5-июнда Париждеги жолугушууда Украинадагы кризисти талкуулашат. Бул тууралуу Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Президенттер Экинчи дүйнөлүк согуштагы өнөктөштөрдүн Нормандияга түшүрүлгөнүнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларга катышмакчы.
Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери Путин Батыштын бир да ири державасынын лидери менен кездеше элек эле. Ал тапта "Ройтерс" агенттиги НАТОнун офицерине шилтеме кылып маалымдагандай, Орусия Украина менен чек ара аймагынан миңдеген аскерин чыгарып кетти, бирок дагы он миңдегени кала берүүдө.
Буга чейин альянс Орусия чек арага болжолу менен 40 миңдей жоокерин топтогонун билдирген.