Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Назарбаев: Кыргызстан Бажы биримдикке кирүү үчүн жеңилдик суроодо


Ушу тапта Астана шаарында Евразия экономикалык кеңешинин президенттеринин өзүнчө жыйыны өтүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Асановдун Астанадан билдиргенине караганда, жыйынга Беларус, Казакстан жана Орусия президенттери катышууда.

Казак башчысы Нурсултан Назарбаев жыйындагы сөзүндө "Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча "жол картаны" колдоду, бирок айрым жеңилдиктерди сурап жатат" деп билдирди. Анын айтымында, бул маселе үч президенттин сүйлөшүүсүнөн кийинки кеңири форматтагы жолугушууда талкууланат.

Бүгүнкү саммитке катышуу үчүн Астанага кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да барды. Ал Бишкек убактысы боюнча 13:30да башталчу кеңири жыйынга катышып, сөз сүйлөйт.

Саммитте Беларус, Казакстан жана Орусия ортосунда Евразия экономикалык союзун түзүү тууралуу келишимге кол коюлмакчы. Ошону менен катар Кыргызстандын жогорудагы үч өлкө түзгөн Бажы биримдигине кирүү же кирбөө маселеси да каралат. Кыргыз өкмөтү менен парламентинин тиешелүү комитети биримдикке кирүүнүн "жол картасын" жактырган, бирок өлкөнүн акыркы чечими азырынча кабыл алына элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG