Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Түркмөнстандын тышкы иштер министри Ооганстанга барды


Үч түркмөн чек арачысы окко учкан Ооганстанга Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов күтүлбөгөн жерден барды.

Түркмөн өкмөтүндө вице-премьердин да кызматын аткарган Мередов ушул аптада ооган президенти жана башка жетекчилер менен жолукканын Түркмөнстандын Бириккен Улуттардагы миссиясы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Мередов ооган өкүлдөрү менен энергетика, унаа, гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташттыкты талкуулады.

Апта башында ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү Түркмөнстан менен чек аралаш Фаряб дубанында согушкерлер менен атышууда үч түркмөн чек арачысы окко учкандыгын бышыктаган.

XS
SM
MD
LG