Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

Атамбаев жаңы жылга чейин Бажы биримдигине кирүү үмүтүн билдирди


Бул тууралуу кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Астанада бүгүн өтүп жаткан Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, "Бажы биримдигине кирүү Кыргызстан үчүн ойлонулган чечим жана экономикалык саясаттын маанилүү багыттарынын бири" болуп эсептелет. Анткени, Атамбаевдин белгилешинче, Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр Кыргызстан үчүн жөн гана экономикалык өнөктөш эмес, алар тарыхый тамыры бир мамлекеттер.

Кыргыз президенти ар кыл иликтөөлөр Бажы биримдигине кошулуу алгачкы жылдары Кыргызстандын экономикасы үчүн оңой болбой турганын көрсөткөнүн, бирок бул уюмдагы өнөктөштөрдөн көмөк болоруна ишенерин билдирди.

- Биз бүгүн Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн "жол картасы" жана келечекте Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча билдирүүгө кол коебуз деп ойлойм, - деди Атамбаев.

Атамбаев ошондой эле "бардык маселелер бир нече күндө чечилип калбасын түшүнөм, бирок жаңы жылды сиздердин биримдиктин алкагында тосууну каалайт элек" деген оюн айтты. (BkA)

XS
SM
MD
LG