Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Нарматова: Келдибековдун тарапкерлери катаал чарага барышы мүмкүн


Эгер Акматбек Келдибеков үй камагына чыгарылбаса, анын тарапкерлери бийлик өкүлдөрүнө каршы катаал аракеттерди жасоого мажбур болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Азаттыкка” билдирди.

Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын мүчөлөрү бүгүн Келдибековдун маселесин талкуулап, анын ден-соолугу начарлап турган учурда абакта кармоо туура эместигин, күч түзүмдөрү бул маселени дагы бир ирет ойлонуп, тийиштүү кадамдарды жасашы зарылдыгын белгилешти. Алар "Азиз Батукаевди ооруп калганы үчүн аны биротоло абактан бошоткон бийлик Келдибековдун саламаттыгын эсепке албай жатканына" нааразы болуп жатышат.

Келдибековдун тарапкерлери аны боштондукка чыгаруу талабы менен Алайда Ош – Эркеч-Там жолун 27-майдан бери бууп турат. Эгер талаптары аткарылбаса акцияны кеңейтип, Бишкекке чейин барууну көздөп жатышат.

Оппозиционер депутат өткөн жылдын ноябрында коррупциялык иштерге шектелип камалган. Андан бери колу жана бутунан 3 жолу операция болду. Тергөө органдары аны тергөө абагында кармоо мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG