Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Сирияда 2014-жылы авиачабуулдардан 2 миңдей адам өлдү


Быйыл Сириянын Алеппо шаарында жана анын чет жакаларында 2 миңдей адам курман болду. Алар шаардын козголоңчулардын колундагы бөлүгүнө Сириянын авиациясы урган соккудан жана тикучарлар таштаган күйүүчү май куюлуп, темир-тезек толтурулган металл челектердин жарылуусунан өлгөнүн Сириядагы адам укуктарына көзөмөл салчу уюм билдирди.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюмдун маалымдашынча, 1-январдан 29-майга чейин бейажал өлгөндөрдүн 283ү аялдар жана 576сы 18 жашка чейинкилер экени эсепке алынып тастыкталган.

Эсептөөлөргө караганда, Сирияда 2011-жылы марттан бери болуп жаткан куралдуу калабада 160 миңден ашуун адам апаат болду.

XS
SM
MD
LG